Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Багдаддагы «жашыл аймак» ракета соккусуна кабылды


Багдад. Архивдик сүрөт. 2021-жылдын 21-январы.
Багдад. Архивдик сүрөт. 2021-жылдын 21-январы.

Ирак бийликтери Багдад шаарындагы «Жашыл аймак» 22-февралда ракета соккусуна кабылганын билдирди. Багдадга карай атылган үч ракетанын экөө өзгөчө коопсуздук режимдеги аймакка, бирөө – борбор шаардын башка жагына түшкөнүн ирак аскер жетекчилиги маалымдады.

АКШ өкүлдөрү ракеталардын бири Багдаддагы америкалык элчиликтин жанына түшкөнүн, андан эч ким жабыр тартпагандыгын билдиришти.

АКШнын аскер өкүлдөрүнүн айтымында, алгачкы маалыматтарга караганда, «Катюша» ракеталары АКШнын Багдаддагы элчилигинин жанына түшкөн, анын бири Бирдиктүү оперативдүү башкармалыктын кеңсесинин жанына түшкөн.

Багдаддын «Жашыл аймагында» чет өлкөлүк элчиликтер жана өкмөттүк имараттар жайгашкан. Аймак улам-улам ракеталык чабуулдарга дуушар болуп келет.

АКШ жакында Иракта жүзөгө ашырылган ракеталык чабуулдарга "кыжырданып" жатат, бирок «ачуусун кимдир-бирөөдөн чыгарбайт», – деп АКШнын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс билдирди. Анын айтымында, жооп мерчемин таап туруп гана тиешелүү учурунда берилет.

XS
SM
MD
LG