Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Митч МакКоннел Иракта жана Ооганстанда америкалык аскерлерди азайтууга каршы чыкты


АКШ Сенатындагы көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннел.
АКШ Сенатындагы көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннел.

АКШ Сенатындагы көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннел Ооганстан менен Ирактан аскерлерди чыгаруунун кесепети тууралуу эскертти. «Президент Дональд Трамп тиешелүү чечимди жакын арада жарыялайт» деген кабарларды 16-ноябрда маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Республикачылардын Сенаттагы лидери МакКоннелдин айтымында, Ооганстандагы жана Ирандагы аскерлерди азайтуу экстремисттик күчтөргө идеологиялык жеңиш алып келип, өнөктөштөрдүн ишенимине доо кетирет.

«Мындай кадам эң ириде «Аль-Каида» сыяктуу террордук топторго ыңгайлуу болуп, АКШга каршы чабуулдарды даярдоонун очогуна айланат» деп эскертти ал.

Америкалык аскерлердин обьектилерди жана курал-жабдыктарды таштап чыгып кетип жатканы «бүткүл дүйнөгө көрсөтүлсө, АКШнын жеңилишинин жана кемсинишинин, ал эми ислам экстремизминин жеңишинин символу катары кабыл алынат», деди Митч МакКоннел Сенатта сүйлөп жатып.

Сенаттагы башкы республикачы маалымат каражаттары Пентагон Ирак менен Ооганстандагы аскерлердин бир бөлүгүн чыгарарын жазып чыккан соң ушундай билдирүү жасады.

Анда жаңыдан шайланган президент Жо Байден ант бергенге чейин Ак үй Ооганстандан 2000, ал эми Ирактын 500 аскерди чыгарары сөз болгон. Эгер мындай план ишке ашса бул өлкөлөрдө 2500дөн гана америкалык аскер калат. АКШнын Коргоо министрлиги мындай билдирүүнү ырастай элек.

XS
SM
MD
LG