Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Иракта «Ислам мамлекети» тобунун башчыларынын бири өлтүрүлдү


Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. 21-январь, 2021-жыл.
Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. 21-январь, 2021-жыл.

Ирактын коопсуздук күчтөрү «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун аскер башчыларынын бири Абу Ясир ал-Исавини өлтүрдү. Бул тууралуу 28-январда Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Казими «Твиттерге» жазды. Ал-Исави Киркук шаарына жакын жерде атайын операцияда жок кылынган.

Ирактын антитеррордук кызматы өкмөт күчтөрү согушкерлер менен туш келип, ал-Исавий атышуу учурунда өлгөнүн маалымдады.

21-январда Багдаддагы базарда эки жанкечти жасаган жардырууга «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алган. Бул чабуул Ирактын баш калаасындагы соңку үч жылдан берки эң кандуу кол салуу болду.

Ирак аталган террордук топту 2017-жылдын аягында толугу менен жеңгенин жарыялаган. Бирок согушкерлер айрым тоолуу аймактарда иш жүргүзгөнү боюнча маалыматтар бар.

«Ислам мамлекети» тобу Кыргызстанда 2015-жылдын февралында сот чечими менен экстремисттик деп табылып, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG