Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Бишкекте быйыл сасык тумоологондор былтыркыдан 39% аз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылгандар былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда быйыл 39% аз. Бул тууралуу баш калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл январь айында сасык тумоологон 3759 адам катталды, былтыр январда бул сан 9512 киши болчу.

Былтыр бир жылда Бишкекте мындай диагноз 52 миң адамга коюлса, ага чейинки жылы 66 миң болгон.

Ал эми COVID-19 жугузуп алгандардын саны баш калаада 28 миңден ашты. Жалпы Кыргызстан боюнча бул илдетке чалдыккандар 84 миң болду, алардын 1,5 миңге чукулу көз жумду.

Коронавируска байланыштуу борбор шаардагы муниципалдык мектептердин жана бала бакчалардын көбү дээрлик жабык турат. (RK)

XS
SM
MD
LG