Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Салык кызматы: мал-мүлкүңөрдү ачыктагыла


Мамлекеттик салык кызматы жарандардан мүлкү жана кирешеси тууралуу бирдиктүү салык декларациясын тапшырууну талап кылууда.

“Арай көз чарай” талкуусуна Мамлекеттик салык кызматынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Уран Ниязалиев, Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Кадырбек Киркиев жана Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Рысбек Надырбеков катышты.

“Азаттык”: Кыргызстандын ар бир жаранын Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттендирген мыйзам үстүбүздөгү жылдын 29-майында чыккан экен. Мындай мыйзамды ишке ашырууга кандай зарылчылык түрттү?

Киркиев: Бирдиктүү декларация тууралуу айта кетсем, жаңы Салык кодекси 2008-жылы октябрь айында кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келатат. Ага ылайык биздин жарандар 2011-жылдын жыйынтыгы менен быйыл жаз айларына чейин өзүнүн мүлкү, кирешеси тууралуу декларациясын тапшырууга тийиш болчу. Бирок биз бир жыл кийинкиге жылдырып, 2012-жылдын жыйынтыгы менен 2013-жылдын март, апрель айларына чейин жарандар өздөрүнүн мүлкү жана кирешеси тууралуу декларация тапшырсын деп белгилегенбиз.

Бүгүнкү күнгө чейин бирдиктүү салык декларациясын мекеме-уюмдар, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбалар өздөрүнүн менчигинде болгон кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү, тапкан кирешеси тууралуу декларацияны үч жылдан бери тапшырып келатышат.

Кийинки жылдан баштап бардык жарандар тапшырууга тийиш. Бирдиктүү декларация тапшыруу – мамлекеттик бюджетти толтурууга, көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгууга, муну менен социалдык маселелерди жоюуга чоң көмөк берет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Ниязалиев: Салык кодексинин 92-беренесинде бирдиктүү салык декларациясы экиге бөлүнгөн. Биринчисин ишканалар, мамлекеттик кызматкерлер тапшырып келатышат. Быйылтан тартып бул мыйзам жалпы жарандарга жайылып атат. Ага ылайык Кыргызстан калкынын 3-3,5 млн. адам декларация тапшырууга тийиш. Бул өтө чоң иш-чара, ошондуктан буга жалгыз салык кызматынын күчү жетпейт, буга жер-жерлердеги бийликтен тартып, министрлик, агенттиктер да жардам бериши керек.

Салык декларациясынын маанисин да элге түшүндүрүү зарыл, анткени бүгүнкү күнү декларация тапшыр десе эле анын артынан “менин тапкан кирешемдин кайдан, кантип келгенин текшерип баштайт” деген чочулоо жарандарда бар.

Надырбеков: Бирдиктүү салык декларациясын милдеттүү түрдө тапшыруу тууралуу биздин Баш мыйзамда да жазылган. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн кирешеси тууралуу ачык маалымат бериши керек. Бул адегенде коррупцияга бөгөт коюу максатында күчөтүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG