Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Байлыкка салык заман талабыбы?


Кыргызстанда кирешелери тууралуу декларация толтуруу кампаниясы башталды. Кыргыз өкмөтү буга чейин ашып-ташкан дүнүйөгө салык салууну сунуштаган. Декабрдын соңунда француз актеру Жерар Депардье ушундай салыктын айынан башка өлкөгө чыгып кетерин айтканы маалым.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: мурунку каржы министри Акылбек Жапаров, Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев.

“Азаттык”: Орусия жана Украина ушул жылдан тарта өтө кымбат тамдарга, машинелерге, асыл таш, буюмдарга кошумча салык киргизерин билдиришкен. Ал эми Казакстан да ушул тажрыйбаны караштырып, иликтеп жатат. Исхак мырза, Кыргызстан да ашыра байлыкка салык салуу менен казынаны толтура алабы, негизи эле ушул тажрыйба биздин өлкөгө жарайбы?

Исхак Масалиев: Албетте. Эгер ушундай иш-чаралар киргизилсе, кошумча төлөмдөр түшөт. Байлыктын баарын жыйнап, тиги дүйнөгө алып кете албайт. Ошондуктан бүгүнкү күндө байлар убагында керектүү деңгээлде төлөмдөрдү бюджетке өткөрсө, “эмнеге байларды жаман көрөт” дегендей суроолор чыкпайт эле.

Бирок жалпы эл кайсы адам кантип байыганын көрүп турат. Айрыкча акыркы 20 жылда байлыктын көпчүлүгү эле таза жол менен алынган эмес. Ошондуктан байлыкка салыктын көлөмүн көтөрүү маселеси орундуу болуп турат.

20 жылдан бери бул кайталанып келет, бирок чечкиндүү кадамдар жасала элек. Мисалы, Франциядагыдай биз салыкты көтөрө албайбыз. Бүгүнкү күндө бардыгы бирдей принципте салык төлөп жатат. Баары бир канчалык байлыгың, пайдаң көбүрөөк болсо, төлөй турганың да көбүрөөк болот. Бирок өзгөчө тартип жок.

Байлыкка салыкты көтөрүү деген оңой эле, бирок аны аткаруу кыйын. Бириккен салык декларациясы деген айтылды, ал кампаниянын чоң максаты бар. Эгер ал ишке ашса, абдан чоң кадам болот. Казынага өзүнөн өзү акча түшпөйт. Бирок мамлекетте кандай байлык кимдин атына бекитилген деп кийинки жылдан тартып эсеп-кысап башталат. Бул эл каттоодон кем калбаган абдан чоң кампания.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Азаттык”: Акылбек мырза, бул демилгени министр кезиңизде сиз көтөрдүңүз эле. Ошондо Кыргызстанда 120 миңдей бай адам бар экени айтылып, аларга салынчу жаңы салыктын эсебинен казынага көбүрөөк каражат түшөөрү белгиленген. Сиз да Кыргызстандагы колунда бар, бай адамдардын катарындасыз. Ашыкча байлык үчүн салык төлөгөнгө даярсызбы?

Акылбек Жапаров: Мен андай салыкты төлөгөнгө даярмын, салык төлөп жүргөндөрдөнмүн. Элдин кыжырын келтирип жаткандар – бул салык аз болсо да аны төлөбөй койгон чалчаңдаган байлар болуп жатат. Байларды өтө эле жаман көрбөшүбүз керек, байлар аркылуу жумуш орундар түзүлөт. Бизнести да композиторлор сыяктуу эле “чымыны” бар адамдар жасайт. Ошондуктан Франциядай кылып качырбай, өзүбүзгө алып калышыбыз керек.

Бишкектеги элиталык үйлөрдүн бири
Бишкектеги элиталык үйлөрдүн бири
Мисалы, азыр 2013-жылы чыккан машинаны айдап жүргөн көп кишилер бар. Азыр так салык системасы болбогондуктан алмаз же кымбат баалуу кыймылсыз мүлк алгандар бөлөк бирөөлөргө катталып калган. Аларды бай деп белгилеп, далилдей албайбыз. Ал үчүн өкмөт айнып кетпесе, элдик декларацияны толтуруп бере башташ керек. Ошондо биз байлардын канча байлыгы бар экенин, кимге катталганын билип калабыз.

Азаттык”: Нарынбек мырза, сиз да өлкөдөгү бай адамдардын катарындасыз. Бирок ашыкча байлыкка салык киргизүүгө каршы пикирдесиз. Эмнеге? Салык салса, өлкөдөгү байлар капиталын башка мамлекетке чыгарып кетпейби?

Нарынбек Молдобаев: Биринчиден, Франция менен Кыргызстанды салыштырган туура эмес. Франция 200 жыл дүйнө жүзүнүн жарымын басып алып, алардын алтынынан баштап бүт баарын ташып алган. Байлыгы жагынан Европада Англия жана Германиядан кийинки эле өлкө. Биз аларга теңелбешибиз керек.

Биз абдан кедей өлкөбүз. Өлкөнүн өзүн байытыш керек. Кыргызстанда беш-алты бай болуш керек, ошолорду да өөнөп, тонойлу деп жатышат. Бул туура эмес. Кыргызстанга инвестиция салыш керек. Эгер салыктын баарын көбөйтүп жатса, ким инвестиция салат? Мисалы, Өзбекстан, Кытайда салыкты азайтып, эл байысын деп жатышат. Биз болсо байыгандардан өөнөп, салык алабыз деп жатабыз.

XS
SM
MD
LG