Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү толук тазаланды


Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо учуру. 2018-жыл. (архивдик сүрөт)
Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо учуру. 2018-жыл. (архивдик сүрөт)

23-февраль күнү саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун Шаркыратма тилкесинде (223-чакырымында) жалпы көлөмү болжол менен 11200 куб метрди түзгөн кар көчкү түшкөн. Көчкүдөн жабыркагандар жок. Саат 22:00гө карай жол кар көчкүдөн толук тазаланып, кыймыл жанданган.

24-февралга оогон түндө, саат 00:30 чамасында ошол эле тилкеде, 224-чакырымда кайрадан көлөмү 7200 куб метр болгон, бир сааттан кийинки аралыкта 226-чакырымда көлөмү 1800 куб метрлик кар көчкү түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана башка тийиштүү адистер барып, 24-февралдын таңында жол кар көчкүдөн толук тазаланды. Адамдар арасында жабыркагандар жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Министрлик күндүн жылышы менен тоолордогу кар эрий баштаганын, тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү арбып жатканын эскертүүдө. Тоолуу жолдордо унаалардын жүрүү аралыгы 500 чакырымдан кем болбоого тийиш. (ZKo)

XS
SM
MD
LG