Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тартты


Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

Жогорку Кеңештин "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирип, тарапташтарына ыраазычылыгын айтты жана чечимин жаштарга жол берүү ниети менен түшүндүрдү:

"Мандатымды өзүмдөн кийинки жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим".

54 жаштагы Сабиров Жогорку Кеңешке депутат болуп алгач 2010-жылы "Республика" партиясы аркылуу шайланган. 2015-жылы «Республика-Ата Журттун» тизмеси менен депутат болгон. 2020-жылдагы шайлоого да "Республика" партиясынан талапкер болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG