Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Украина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын алууда


Вакцина
Вакцина

Украина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын ала баштады.

23-февралда өлкөгө бул компаниянын 500 вакцинасы жеткирилип, жүктү Киевдеги Борисополь аба майданында тосуп алышты.

Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов «Фейсбуктагы» баракчасына бул тууралуу маалымдап, чукул арада өлкөнүн аймактарында эмдөө иштери башталат деди.

«AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын Оксфорд университети иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тастыктаган.

Аны менен калкын эмдөөгө Британия, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жана Индия уруксат берген.

Кыргызстан дагы ушул компаниянын вакцинасын тандап, эмдөө март айында башталарын кабарлаган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасын каттаганы кабарланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG