Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Германияда террордук топтун лидери эркинен ажыратылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда сот ирактык диниятчыны экстремисттик уюмду колдогон деген айып менен 10 жыл алты айга эркинен ажыратты.

Абу Валаа деген ысым менен белгилүү Ахмад Абдулазиз Абдулла Абдулла Германиядагы«Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери болгону ырасталган.

Ал Европадагы жаштарды радикалдаштырып, Ирак менен Сирияга жетүүгө жардам берген жихадчылар түйүнүн жетектеп турганы маалым болду.

Германиянын Целле шаарындагы сот 37 жаштагы Абдулланы чет элдик террордук топко мүчө болгон, террорчулукту каржылап турган деп тапты.

Абдулла Хильдесхайм шаарындагы мечиттин имамы болгон. Ал мечит учурда жабык.

XS
SM
MD
LG