Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Германия полициясы теракт даярдоого шектелген сириялык жигитти кармады


Германия.
Германия.

Германиянын полициясы теракт даярдоого шектелген сириялык 19 жаштагы жигитти кармады. Федералдык прокуратуранын билдирүүсүндө анын бүгүн эртең менен түндүк-батыштагы Шверин шаарында кармалганы айтылат. Полиция шектүүнү жана бир нече башка батирлерди тинтти. Радикал исламчыларга шыктанган ал киши Германия аймагында «кубаттуу жардыргыч заттарды колдонуу менен конкреттүү кол салуу даярдаган» деп шектелүүдө. Ал «мүмкүн болушунча көп кишини өлтүрүүнү же жарадар кылууну» көздөгөн делинет прокуратуранын билдирүүсүндө. Шектүүнүн кайсы бир террордук уюмга мүчө болгон-болбогону белгисиз.

Былтыр декабрда «Ислам мамлекети» экстремист уюму Берлиндеги "Крисмас" базарында уюштурган кол салуудан 12 киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG