Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:08

Ош: Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы өзгөрдү


Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети

Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин расмий аталышы өзгөртүлдү. Окуу жайдын маалыматына караганда, эми ал Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин университеттин аталышын өзгөртүү тууралуу буйругу быйыл 15-январда чыккан. Себеби катары жергиликтүү коомчулуктун суроо-талабы аталган.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыков эгемен Кыргызстандан «легендарлуу» аталган алгачкы парламентинин мүчөсү болгон. Ал Өзбекстандын Философдор коомунун ардактуу мүчөсү, Казакстан Улуттук илимдер академиясынын, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу профессору. Кыргызстандын Инженердик академиясынын мүчөсү, 3 монографиянын жана 35 илимий эмгектин автору.

Окуу жай 2010-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университети деп аталып келген. Ошол жылдын Июнь окуяларынан соң Мамлекеттик социалдык университет болуп, кийин кайра Кыргыз-Өзбек университети деп аталып жүргөн. Окуу жайда он миңге жакын студент билим алат. (MrA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG