Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант наамын алды


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды берүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 24-февралда кабарлагандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Бекбосун Апсатаровго генерал-майор, ички иштер министри Улан Ниязбековго милициянын генерал-майору жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиевге ички кызматтын генерал-майору наамы берилди.

2020-жылдын октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Өкмөттүн жаңы курамы ишке 3-февралда киришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG