Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Мамлекеттик каттоо кызматы балдарына өз атын берген Капалованын үстүнөн сотко кайрылды


Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Мамлекеттик каттоо кызматы балдарга энесинин фамилиясы жана аты менен 30-декабрда күбөлүк бергенин Капалованын өзү "Азаттыкка" айтып берди.

"Мен балдарымдын атасы менен ырасмий ажырашкан соң, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жаңылагам. Ошол учурда балдардын атасы деген жерге өзүмдүн атымды койдургам. Мисалы, менин уулум Капалов Даанышман Алтынович, кызым Капалова Аймона Алтыновна. Эми бул документтерди жокко чыгаруу үчүн мени Элди каттоо департаменти сотко берди".

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Галина Аманова бул соттошуу тууралуу журналисттерге түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атына документ берилбейт.

"Балага биологиялык атасынын же багып алган атасынын, чоң атасынын же таятасынын атын берсе болот. Аталык укуктан ажыратуу процесси дагы балага энесинин атын берүүгө жол ачпайт. Балдарга берилген документти жокко чыгарып, аларды электрондук реестрден алып салуу үчүн соттун чечими зарыл"-деди Галина Аманова.

Ал бул окуяга Алтын Капалованын балдарына документти берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Галина Аманованын айтымында кызматкер мыйзамдын бир пунктун жетекчиликке алып, экинчи бир пунктун аттап өткөн. "Ал өзү да бул окуя кантип болуп кеткенин түшүндүрө албай жатат", - деди Аманова.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымдашынча Кыргызстанда буга чейин балага мындай жол менен документ алуу учуру катталган эмес.

Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланышкан соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG