Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Чаткалда алтын кенин иштеткен компания боюнча комиссия түзүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткалда алдын кенин иштеткен «Вертекс Голд» ишканасы боюнча убактылуу комиссия түзүү тууралуу сунуш айтылды. 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Тариел Жоробеков маселени күн тартибине киргизүү тууралуу билдирди:

““Республика – Ата Журт” фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламентинин 18-главасынын убактылуу комиссия түзүү тууралуу 107-беренесинин негизинде чечими: “Чаткал районунда “Вертекс Голд” ишканасынын жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдаланып, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процессинин коопсуздугун сактоо жана экологияга таасирди иликтөө боюнча маселени киргизүү. Ушул маселени бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү өтүнөм”.

«Вертекс Голд» ишканасы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Жамгыр кенинде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.

Буга чейин аталган ишкана куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашканына байланыштуу каршылык акциялары уюштурулган. (RK)

XS
SM
MD
LG