Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Чет жакта соттолгон кыргыз жарандары 2 миңдей адам экени парламентте айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын 2 миңге жакыны түрдүү кылмыштар үчүн ошол өлкөлөрдө сот жообуна тартылган. Бул тууралуу 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселеси талкууланып жатканда айтты.

Депутаттын маалыматына караганда, алардын 1,5 миңи Орусияда, 220 киши Казакстанда, 34ү Тажикстанда, 20сы Өзбекстанда. Түштүк Кореяда, Башкы прокуратура билдиргендей, бүгүнкү күндө эки кыргызстандык жоопко тартылып жатат, дагы бирөө жазасын өтөп бүттү.

Жыйынга Башкы прокуратурадан катышкан жетекчинин орун басары Турусбек Ишеналиев эл аралык келишимдер боюнча айрым суроолорго жообу үчүн сынга кабылды.

Депутат Кыдыралиев ага “2 миңдей биздин эмгек мигрантыбыздын тагдыры жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Аларды бул жакка кантип алып келүүнү да билбейсиз. Алардын туугандары, балдары “Качан прокуратура бул жакка алып келет” деп күтүп жатпайбы” деп нааразылыгын айтты.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев депутатка жооп кайтарып, эл аралык келишимдер тууралуу маалыматты адашып айтып алганын билдирди.

Кыргызстандын калкынын саны 6,5 миллион адам. Алардын бир миллионго жакыны чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрүшөт, көбү Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG