Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

COVID-19: Акыркы суткада илдеттен 59 адам сакайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-февралга карата коронавирус илдетинен 59 адам айыгып, ооруга 24 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Илдеттен көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 24-февралда брифингде билдирди. Анын айтуусунда күн өткөн сайын вирусту жаңыдан жуктургандардын саны азаюуда. Акыркы суткада Бишкекте - 12 адам, Нарын облусунда - 4, Чүй жана Ош облустарында үчтөн адам, Баткен облусунда - 2 адам ооруга чалдыккан.

24-февралга карата 379 адам бейтапканада дарыланууда. Алардын ичинен 20 адамдын абалы өтө оор, 90 бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

Кыргызстанда коронавирус алгач катталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө ооруга 86 025 адам чалдыгып, анын ичинен 82 938 киши сакайып чыкты. Илдеттен 1460 адам көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG