Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Айтылуу классиктин арманы жана тилеги


Акын жана жазуучу Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен. Архив.
Акын жана жазуучу Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен. Архив.

Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Мукай Элебаев (1906—1944) жана анын чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.

Мукай Элебаевдин өмүрү чыгармачылыгы өзгөчө оор учурга туш келип, улут адабиятынын таанылган классиги кан майданда курман болгон. Улут адабиятынын бийик көркөмдүк сапаты үчүн күрөшкөн улуу жазуучунун сабактары ушу азыр да маани-мазмунун жогото элек.

Түштөн кетпеген азаптар

Мукай Элебаев 1906-жылы Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Чоң-Таш айылында төрөлгөн. Ал кездеги көпчүлүк кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн башына түшкөн оорчулуктар аны да кыйгап өткөн эмес. Кийин ошол балалык кезинде эсинен чыкпай алган азаптуу күндөрдү жазуучу “Күндөлүгүндө” минтип эскергени бар:

“Кайда жүрсөм да ушул агам (менин атамдын агасынын баласы) менен жеңем түшүмдөн кетпей кыйнай берет. Себеп: мурун ошонун колунда жүрүп нечен таяк жеп, ыйлап, кордукту тириде көп көргөм. Ошол көкүрөгүмө так болуп калыптыр. Нечен караңгы түндө үйгө жолотпой уруп кууп жибергени бар”.

Сегиз жашында ата-энесинен ажырап, томолой жетимчиликтин азабын, катаал турмуштун оор кыйынчылыктарын башынан кечирген жазуучу ошондогу турмуш мектебин айтылуу “Узак жол” романында ачык жазган.

Романдын биринчи китеби чыгып, экинчисинин эмнеликтен аягына чыкпай, толук жазылбай калышынын бир топ себептери бар экен. “Узак жолду” М.Элебаев 1934-жылдын башынан тарта жазып, 1935-жылдын 3-октябрында аяктаган. Андан кийин текстти оңдоолор башталган. А бирок китептин чыгышы кыйла тоскоолдуктарга учурап, кийинки жылдын башында жарыкка чыккан.

Китепте жазуучунун өмүр баяны, жакындары тууралуу эле кеп болот экен, эмне үчүн өзүн гана жазат деген сындар чыгып, анын экинчиси жазыла электе басым-кысым баталган. М. Элебаев башынан кечирген окуяларын жаап-жашырбастан, турмуш чындыгынан тайган эмес. Чыгарманын ыксыз идеялык сындардын тепкисинде калбай, өзүн-өзү коргоп, андан да мезгил сыны деген катаал тоскоолдон кыйналбай өтүп, улут адабиятындагы саналуу мыкты чыгармалардын башында турушунун биртоп себептери бар.

М. Элебаев өткөн кылымдын башындагы кыргыз турмушун, тагдырдын оор сыноосуна кабылган карапайым адамдардын жашоо-турмушун, а эң негизгиси, өзү билген жакын адамдарынын кандайлыгын катаал реалисттик боёктор менен тартып берген.

“Таята, таекелерим, четинен бай. Бирок аларды башынан сараң кылып жараткан! Байлык жагына келгенде бул Кең-Сууда Чыңгышбай уулунан ашып түшкөн бай кем. Жалаң бир атадан тарагандар бир уруу журттай болуп, эртели-кеч малы жайылып чыкканда кара таандай каптачу. Ошентсе да, котур улак үчүн өлгөн өңкөй сараң. Тогуз жүз койлуу тун уулу — Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес. Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан», деп жазган Мукай Элебаев.

Кытайда бир-эки жыл баш калкалап кайра кыргыз жерине келгендер кандай кыйынчылыктары кабылганы М. Элебаевдин чыгармаларында жабылып-жашырылбай ачык сүрөттөлгөн. Кытайга качып кеткен Элебестин үйүндөгү он төрт жандан экөө гана - Мукай менен иниси Беккул туулган жерине кайтышкан. Көрүнгөнгө малай болуп, катаал турмуш казанында кайнаган идиректүү бала билим алгысы келип эр жетип калганда мектептен, техникумдан окуп, басма сөз тармагында иштеген.

Жазуучунун айтылуу “Зарыгам” деген ыры “Эркин тоо” гезитинин 1925-жылдын 16-февралындагы № 6-санына жарыяланган. Билим эңсеген, жарыкка умтулган боз уландын ал ырдагы арманы ошол кездеги кыргыз жаштарынын тилеги, үзүлбөгөн үмүтү болчу.

М. Элебаев көп кырдуу талант болгонун студент кезинде драмалык ийримге катышып роль ойногонун, мыкты ырдаганын, анан да ал кездеги аргасыз абалдан улам кыздын ролун ойноп, өздүк-көркөм чыгармачылыктын активдүү катышуучусу болгонун замандаштары эскеришет.

“Куйручук” деген бир пьеса коюп, башкы ролдордо Капар, Боталиев, мен – үчөөбүз ойнодук. Ой ошондогудай уялган эместирмин. Айсулуу кылып койду. Амал жок, көнбөскө боло турган эмес. Ичибизде бир аял жок”, деп эскерген улуу жазуучу “Күндөлүгүндө.”

Анткен менен Мукай Элебаев көркөм адабиятка акын катары баш баккан, бир топ ыр китептерин чыгарган.

1968-жылы Мукайдын пьесасынын кол жазмасы табылып, “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Төрт актылуу, сегиз сүрөттүү “Тартыш” драмасынын экинчи өмүрү ошентип башталган.

Талап жана милдет

Айрым изилдөөчүлөр М. Элебаев оозеки аңгеменин чебери экенин белгилешет. А бирок, улуу сүрөткер башынан кечирген турмуш жолун окуган адамдын эсинде калгыдай кылып баяндап берүүгө поэзиянын чама-чаркы жетпестигин учурунда баамдап, 1916-жылкы трагедияны ири эпикалык жанрга көчүргөн.

“Узак жол” өмүр баян романынын биринчи китеби 1936-жылы чыгып, ошол кездеги улут адабиятындагы үлкөн окуя катары бааланган. Чыгарма кыйла эле татаал, карама-каршылыктуу тарыхый учурду бир үй-бүлөнүн мисалында, кеңири эпикалык масштабда тартып берген. Тилекке каршы, чыгарманын экинчиси башталып, бирок аягына чыкпай кала берген.

Антишке жазуучунун колу-жолун байлаган түйшүктүү иштер, көркөм адабиятты жаратуучуларга карата коомдук мамиле себепкер болгон.

М.Элебаевдин кол жазмаларын, чыгармачылыгын терең изилдеген айтылуу окумуштуу Омор Соороновдун ырасташынча, “адабиятты жакшы түшүнө бербеген кишилердин теңирден тескери пикирлери, басма бетине жарыяланган айрым макалалар эргүүсүнө, романдын андан ары улантылып, 2-китептин эрте колго тийишине зыянын тийгизген болуу керек”.

Анын үстүнө, бул кезде саясий куугунтук аябай күчөп, К.Тыныстановду каралоо өнөктүгү жайылып кеткен. М. Элебаев күндөлүгүнө “Тил жагына келгенде Касымдан өзгө купулга толорлук кыргыз жазуучусун али көргөнүм жок”, деп жазган.

К.Тыныстанов менен жакшы мамиледе болгон, аны мактагандардын текши баары куугунтукка кабылып, кыргыз жазуучуларынын арасынан байчыл-улутчулдарды табуу аракети күчөгөн. Коммунисттик бийлик үчүн жазуучунун чыгармасынын идеялык багыты, тап күрөшүндөгү позициясы маанилүү болчу.

Иши кылып, кыргыз совет адабиятындагы этаптык бир чыгарма аягына чыкпай арабөк калган. Анын себеби сталинизм доорундагы коомдук-саясий жагдайга байланыштуу экенин кийинки кездердеги изилдөөлөр айгинеледи.

Мукай Элебаев өзү чыгармачылыкка, жазуучулук өнөргө өзгөчө маани берген. Жаңы замандын шарапаты менен жазма адабияттын заманы келгенине ыраазы болуп, мындай мүмкүнчүлүктү кеңири пайдаланып, мыкты чыгармаларды жаратууну каламдаштарынан талап кылган.

Көркөм чыгармачылыкка жоопкер мамиле кылуунун үлгүсүн өзү көрсөтүп, сүрөткерлик капыл-тапыл чыгарма жазуу эмес, өмүрдү сайган түйшүгү түмөн иш экенин, кыргыз совет адабиятында болсо чыгармачылык маанайга караганда саясий айып коюу, идеялык кине тагуу күчтүү экенине нааразы болгон.

1934-жылдын майында Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-курултайында ал минтип сүйлөгөн:

“Ушу күнгө чейин жоюлбай келген ири кемчилдиктин бири – жазуучулардын чыгармасын текшерүү, алардын ар бирине чыгармасына карай баа берүү жагы. Чынында кай жазуучу болсо да эмгегине, коомдук мазмунуна, чыгарган чыгармасынын сапатына жараша баалануу керек го. Биздеги ири кемчилдик – ошол ким кандай жазуучу, анын чыгармасы кандай, таптык салмагы кайсы дегенге толук баа берип, анализ кылган эч ким болгон жок.

Кай бир жолдоштор жазуучуну ушул жагынан баалабай, жазуучу деп жыйналыштарга мезгилинде катышкандарды, бирдеме тапшырса, жамандыр-жакшыдыр ошол мүнөтүндө отура калып будалай салганды, жалпаңдап сүйлөшкөн кишилерди, ары кетсе өзүнүн “жакын көргөн кишилерин аташат.”

Чыгармачылыкка өзгөчө бийик талап койгон сүрөткер калемдештеринин кемчиликтерин ачык айтып койчу.

Кыргыз жазуучуларынын чоң жыйынында: “Бирөөнүн беделине, авторитетине карап, не бир адам айткыс халтураларын мактап, ошонун көлөкөсүндө “жан сактай тургандар бар. Мындайлар артыкча Токомбаевдин тушунда көп орун алып келди”, — деп айтып, жаш жазуучулардын чыгармачылыгына мүнөздүү дагы бир мүчүлүштүктү ачык көрсөткөн: “Ушу күндө жазуучулар өтө көп жазышат. Бирок, ошолордукун окуй келсең, көбүнүкү чийки, тили чоркок, саясы мааниси тайыз гана бир супсак сөз болуп чыга келет. Мунун негизги себеби – билимдин тайкылыгында жатпайбы”.

Мукай Элебаев өзү адабиятка өзгөчө маани берчү. Сүрөткер турмуш чындыгын көркөм чындыкка алып өтүүдө мыкты чебер, өзүнө чейинки көркөм тажрыйбаларды мыкты өздөштүргөн окумал, анан чынчыл болушу керек деп эсептеген.

Ошон үчүн ал улут адабиятынын проблемаларына арналган макалаларынын бирин “Адабият оюнчук эмес” деп атаган. Макалада автор жазуучулар журтунда кыйладан бери “сапат эле, сапат” деп кыйкырып жүргөндөр көп экенин белгилеп, андай куру кыйкырык чыгармачылыкка ат үстүнөн мамиле жасагандар тарабынан көп айтылып жатканын, мындай кыйкырык үстүрт жазгандардын эрмегине айланып кеткенин, көркөм адабияттын ширесин билбей туруп көзгө түшөрлүк бирдеме бериш мүмкүн эместигин, нукура адабият “мындан жүз жылдар кийин да жаңырып, кайталанып” окуларын, жеңил чүргөлгөн чыгармалар дыбыр эткен өткүн сыяктуу жерге жетпей жок болорун белгилеген.

“Бизде он миң жол ыр жазган акындар көп. Бирок, кайгылуу жери – ошол он миңдеген жолдун бир жолу сөздөрү түзүк, орду менен коюлбайт. Образ жок, жан жок, адамга жагар сөз жок”, деп ал күндөлүгүндө жазган.

Жазуучу чеберчилигин тереңдетиш үчүн такай окушу керектигин, өзү жакшы билбеген нерсесин жазбай коюшу туура болорун, сомолоп, жоруп жазыштын ордуна андай темага кайрылбаш керектигин, жазыштан мурун предметин жакшылап билип алышын, дегеле киши дүйнөсүн таануу жагынан сүрөткердин кулачы кенен, күн санап өсүп турушу зарылдыгын, мурда алып койгон беш жылдык билим менен чектелүү аздык кыларын белгилеген.

Адабияттын тереңине даабай сыртында калуу ушундан башталат. Анан да жазуучу үчүн багыт алган мына ушул өнөрүнө өмүрүн арнап, темага тийип-качып тийишпей, акыркы саатына чейин ошо менен жашоосу абзел. Көркөм чыгарма жаратууга ашыкпай, көп убакыт, такай эмгек сарптап, алдыга койгон максатына жетиш үчүн ат үстүнөн мамиле жасаш болбогон нерсе деп белгилеген.

“Анык акын, жазуучу кыргыздан али чыккан жок. Ушул күнкү басма бетин бербей жайнап кеткендердин баары халтура десе да болот. Адамдын мээсине конор эчтеме жок. Баштан-аяк сабатсыз, эмгексиз, окуусуз акын болгонду тарыхтан көргөнүм ушул. Көбүнүн кесиби көрүнгөн жерде отура калып ыр жазуу, жараксыз, топон, кур сөздөрүн док уруп, күчтөп окутуп, атагын чыгаруу… Мактануу, “Мен жазуучу!” деп төшүн койгулап, өзүн өзү көтөрүү. Бул келечегин терең ойлобогон, адабияттын эмне экенине түшүнбөгөндөрдүн кылары”, деп жазган М. Элебаев.

Андайлар, жазуучунун ырасташынча, эч качан көркөм адабиятты жасай алышпайт. Себеби алар турмушту жете билишпейт, “окубайт, кара наадан, бир нерсеге аябай эмгек жумшап, терең ойлонбойт”.

Мукай Элебаевдин "Бороондуу күнү" аңгемеси журналист Төрөкул Дооровдун көркөм окуусунда.

Мына бул агынан жарылган улуу сүрөткердин кыйла жылдык турмуштук-адабий байкоолорунан чыккан бүтүмү эле.

М. Элебаев Батыш Кытайдан "Үркүндөн" кайтып келгенден кийинки 20 жыл ичинде башынан өткөргөн өмүрүн жүз жылга теңеген.

“Жумуш издеп Аксуу, Жети-Өгүз, Сарыкол кезүү, интернат, монастр... Мен ушуларды жазбай өлбөймүн” , деп жазган.

Чыгармачылык баралына келип, улут адабиятынын сапаттык деңгээлин аныктаган сүрөткер катары таанылып калган кезинде Экинчи дүйнөлүк согушка чакырылып, ал 1944-жылы 38 жаш курагында кан майданда курман болуп, Псков жеринде түбөлүк жайын тапкан.

Быйыл Мукай Элебаевдин туулганына 115 жыл толот.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG