Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын макамын өзгөртүү сунушу талкууга коюлду


Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын макамын өзгөртүү жөнүндөгү сунуш парламенттин талкуусуна коюлду. 24-февралда бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди:

“Өкмөттөн жана бөлөк жактардан да алардын өкүлдөрүн киргизүү, ошондуктан депутаттык эмес, мамлекеттик комиссия деп атоо тууралуу сунуштар келип жатат”.

Кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия 17-февралда «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен түзүлгөн. Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген.

Кумтөр боюнча депутаттык жана мамлекеттик комиссиялар буга чейин да түзүлүп келген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG