Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

«Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупцияга тиешеси жоктугун айтууда


"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкеси. (Архивдик сүрөт)
"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкеси. (Архивдик сүрөт)

Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешесин жоктугун билдирген кайрылуу таратты.

Анда жазылгандай компанияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2019-жылы башталган. 2020-жылдын ноябрында Ички иштер министрлиги "Манас" аэропорту түркиялык компанияга жеңилдик берип, коррупциялык иштерге барган" деген негиз менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Компания өз кайрылуусунда "Манас" аэропорту менен 2016-жылдан бери кызматташып келе жатканын, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн эл аралык практикада боло жүргөндөй, тарифтерде жеңилдик алганын билдирген.

«Биз сыяктуу эле жеңилдик алган бир катар авиакомпаниялар "Манас" аэропортунда иштейт. Бирок тергөө бизге гана каршы жүрүп жатат", деп жазылган анда.

«Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы 2016-жылдан 2020-жылдын ноябрына чейин "Манас" аэропортуна 40 млн доллар төлөп берген. Ишкана жүк каттамдарын жана техникалык учуп-конуулардын санын көбөйткөнүн белгилеп, 2016-жылы аэропортто 616 гана каттам болсо, 2017-жылы ал 1,5 миң каттамга чейин, ал эми жүктүн көлөмү 5 миң тоннадан 15 миң тоннага чейин өскөнүн билдирген.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Эрдогандын Бишкекке сапары учурунда уюштурулган бизнес-форумда компания менен "Манас" аэропортунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык ишкана 50 млн. доллар инвестиция салууга милдеттенме алган. Бирок күч кызматтарынын териштирүүсүнө байланыштуу долбоор ишке ашкан эмес.

«Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы өз кайрылуусунда адилеттикке жетиш үчүн укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

Башкы прокуратура 9-февралда“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалганын кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда Чукуев Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө.

Көп өтпөй «Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев да кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматында ал «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын айланасындагы жемкорлук схемасына байланыштуу камакка алынды. Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен кошо эл аралык аэропорттогу «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк компанияга мыйзамсыз жеңилдик берип келгени аныкталганын 2020-жылдын 30-декабрында кабарлаган.

Маалыматка караганда 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта мыйзамсыз келишимдин кесепетинен улам «Манас» аэропорту 1 789 726, 68 доллар же 139 598 681 сом өлчөмүндө кирешеден кол жууп калганы такталган. Буга байланыштуу «Манас Менеджмент Компанинин» мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков да кармалып, Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен 27-мартка чейин камакка алынган.

Февралдын башында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ушул эле иштин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата мурдагы иштерине кошумча дагы бир кылмыш ишти козгогонун кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG