Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Блогер Элмир Сыдымановдун соту уланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 24-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда дээрлик 3,5 айлык тыныгуудан кийин блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча процесс уланды. Адвокат Али Магеев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, комиссиялык экспертиза жүргүзгөн адистерди кийинки отурумга чакыруу тууралуу чечим кабыл алды:

“Прокурор эксперттерди чакыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Эми комиссиянын бүтүмүн алар менен чогуу карайбыз”.

Блогердин иши боюнча сот отуруму акыркы жолу былтыр ноябрда өткөн. Андан бери айыпталуучунун сөзү боюнча комиссиялык жана комплекстүү экспертиза жүргүзүлдү.

Кийинки отурум 4-мартка белгиленди. 10-мартта өкүм чыгат деп болжолдонууда.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, он күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG