Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Райымбек Матраимовдун ооруканага жатканы кабарланууда


Райымбек Матраимов сот залында
Райымбек Матраимов сот залында

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун ооруканага жаткырылганын айрым басылмалар кабарлоодо.

Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов азыркы тапта бир тууганынын абалын өзү да биле албай жатканын “Азаттыкка” айтты.

“Мен эртең менен Ошко келген элем. Кечээ инимен кабар алгам. Кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын адвокаттары айтышкан. Азыр эми колунда телефону жок. Абалы кандай экенин, кайда экенин билбейм”,- деди Искендер Матраимов.

22-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Матраимов жаткан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кирип, ден соолугу менен таанышкан. Матраимовдун кан басымы жогорулап кеткени айтылып, убактылуу кармоочу жайдын дарыгерлери биринчи жардам берип жатканы маалым болгон.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG