Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Депутат жыйында кесиптештерин театрга чакырды


Афиша.
Афиша.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков 25-февралдагы жыйында 6 айдан ашык убакыттан бери даярдалып жаткан “Ночь перед Рождеством” ("Рождество алдындагы түн") балетинин бет ачары болоорун белгилеп, кесиптештерин Опера жана балет театрына чакырды. Эл өкүлү бул шаардагы маданий маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык 25-февралда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Николай Гоголдун повестинин негизинде “Ночь перед Рождеством” ("Рождество алдындагы түн") спектаклинин бет ачары болот. Анда Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары жана студенттери ойнойт. (TSh)

XS
SM
MD
LG