Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Саат 14:00гө карата 700 миңдей шайлоочу добуш берди


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 14:00гө карата 700 миңдей адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 674 419, референдумга 700 000 киши келди.

Шаардык кеңештерге 200 367 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 19,09% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 474 052 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 20,90 пайызына барабар болду.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 19,41% жетти. Башкача айтканда 700 000 киши добуш берүүгө келди.

Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңешке 3 318 130 шайлоочу катталган.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG