Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Саат 16:00гө карата 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берди


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 16:00гө карата 800 миңден ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 856 404, референдумга 888 331 киши келди.

Шаардык кеңештерге 254 732 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 24,27% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 601 672 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 26,52 пайызына барабар болду.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 24,63% жетти. Башкача айтканда, 888 331 киши добуш берүүгө келди.

Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңешке 3 318 130 шайлоочу катталган.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG