Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:24

Саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берди


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 18:00ге карата 1 миллиондон ашык адам добуш берди. Жергиликтүү шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши катышты

Шаардык кеңештерге талапкерлер үчүн 303 176 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 28,89% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 721 715 адам добуш берди. Бул - жалпы шайлоочулардын 31,81 пайызы.

Конституциянын жаңы редакциясы боюнча жалпы элдик референдумда добуш бергендер 29,44% жетти. Башкача айтканда, 1 061 591 киши добуш берүүгө келди.

Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 3 318 130 шайлоочу катталган.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG