Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Милиция: Таласта акча таратылганы жөнүндө маалымат такталган жок


Талас шаары.

Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясындагы №6107 шайлоо участогунда добуш сатып алуу фактысы боюнча милицияга кабар түшкөн.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акча таратуу фактысы аныкталган эмес.

Облустук милициянын басма сөз кызматы “акча таратып жатканы айтылган аял “Асыл Мурас Жаштар” саясий партиясынын байкоочулары менен түшкү тамактанууга акча каражатын бөлүштүрүп жаткан. Бул тууралуу маалымат берген аял туура эмес түшүнүп алганын айтты" деп билдирди.

Талас шаардык кеңешине 11 партия катышып жатат. (MKt)

XS
SM
MD
LG