Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

БШКга мыйзам бузуулар боюнча 43 кайрылуу түштү


Бишкектеги добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна саат 18.00гө карата 43 кайрылуу келди.

Бул тууралуу БШК мүчөсү, аталган жумушчу топтун өкүлү Тынчтык Шайназаров 11-апрелдеги брифингде билдирди.

Анын айтымында, түшкөн арыздар административдик ресурс колдонуу, үгүт шарттарын бузуу, шайлоо жараянынын катышуучуларынын укуктарын тепсөө, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин аракеттерине даттануулар, добуш сатып алуу, автоматташтырылган эсептөө системасынын жанында бейтааныш кишилердин жүрүшү, бюллетендерди сүрөткө тартуу, шайлоочуларды ташуу жана башка эреже бузуулар менен байланыштуу. Кайрылуулардын 24ү жарандардан, калганын талапкерлер, коомдук уюмдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жазган.

"Башка да маалыматтар келип жатат. Саат 20.00гө карата жыйынтыктап, толук маалымат беребиз", - деди Шайназаров.

Бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду. (NT)

XS
SM
MD
LG