Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына жолдомо алды


Кыргызстандык Эрназар Акматалиев жана өзбекстандык Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев жана өзбекстандык Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Алматыда өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо утуп алды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ал бүгүн, 11-апрелде эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмакта финалдык беттешке чыгып, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду.

Алтын байге үчүн ал ирандык Амирмохаммад Бабак Йазданичерати менен күрөшөт. Ал буга чейин чейрек финалда түркмөнстандык Керим Хожаковду 5:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда Акматалиев алгач өзбекстандык Ильяс Бекбулатовго 8 упай менен утулуп келе жаткан. 1-айлампанын бүтөрүнө саналуу гана секундалар калганда кыргыз балбаны төрт упай алып, андан соң атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эрназар Акматалиев жана Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.

Бүгүн Эрназар Акматалиевден сырткары бул мелдеште кыргызстандык Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Эламан Догдурбек уулу (74 кг.), Нуртилек Карыпбаев (86 кг.), Сымбат Сулайманов (97 кг.) жана Айаал Лазарев (125 кг.) коло байге үчүн күрөшөт. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Спорттук күрөш боюнча Азиялык квалификациялык мелдеш бүгүн аяктайт. Буга чейин грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн балбандар күч сынашкан. Бул мелдеште финалдык беттешке чыккандарга Олимп оюндарына жолдомо ыйгарылат.

Учурда Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына 12 жолдомо чогулду. Буга чейин балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая алган.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган. (ECh/ZKo)

XS
SM
MD
LG