Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Мээрим менен Айпери Олимпиадага жолдомо алды


Мээрим Жуманазарова, машыктыруучу Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы.
Мээрим Жуманазарова, машыктыруучу Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык спортчу кыздар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Алматыда өтүп жаткан азиялык квалификациялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алышты.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтында алар бүгүн 10-апрелде килемге чыгышканы жазылган.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта алты кыз айлампа тартибинде байге үчүн ат салышты. Бул салмакта Мээрим алгач кытайлык Фенг Чжоуга жеңилди. Кийин 3-айлампада казакстандык Жамиля Бакбергенованы 10:3, жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде жеңип, финалдык таймашка чыгуу менен Олимп оюндарына жолдомо алды.

Эми алдыда кайрадан кытайлык Фенг Чжоу менен алтын байге үчүн күч сынашат. Финалдык таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашты. Бул салмакта беш спортчу байге үчүн ат салышкандыктан таймаштар бул салмакта дагы айлампа тартибинде өттү. Медет кызы төрт беттеште удаасы менен Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип, мөөнөтүнөн мунда алтын байге алды.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев тастыктады.

Жуманазарова менен Медет кызын кошкондо учурда Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 11 спортчу жолдомо алды. Кечээ грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков Азиялык квалификациялык мелдештин финалына чыгып, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушкан. Эртең, 11-апрелде эркин күрөш боюнча алты салмакта таймаштар болот. Бул мелдешке Кыргызстандан 14 спортчу барган.

Буга чейин жайкы Олимп оюндарына жолдомону балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая алган.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган.(GT/ECh)

XS
SM
MD
LG