Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

"Замандаш" биримдигинин төрагасы Кадыр Бусурманкулов дүйнө салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет жактардагы кыргызстандык диаспоралардын башын бириктирген "Замандаш" ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, биримдиктин ардактуу төрагасы Кадыр Бусурманкулов оорудан улам, 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Маркумдун тажиясы 11-апрелде Бишкекте болот.

2003-жылы Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирген эл аралык "Замандаш" ассоциациясы түзүлгөн. Аны «Замандаш» фондунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракунов жетектеген.

"Замандаш" ассоциациясы чет жактарда иштеп жүрүп көз жумган кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин чечкен.

2005-жылы 19-майда «Замандаш» ассоциациясы саясий партия түзүүгө арналган курултайын өткөргөн.

"Замандаш" саясий партиясы бир нече жолу жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышкан.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG