Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Индия жаңы коронавирус толкуну менен алышып жатат


Мумбайлык айым көчөдө сүрөт тартылган дубалдын жанынан өтүүдө. Махараштра штаты, Индия. 2021-жылдын 6-апрели.
Мумбайлык айым көчөдө сүрөт тартылган дубалдын жанынан өтүүдө. Махараштра штаты, Индия. 2021-жылдын 6-апрели.

Индияда вакцинанын таңкыстыгы орун алууда. Мумбай мегаполисинде коменданттык саат жана дем алыш күндөрү карантин жарыяланды. Өлкөдө коронавирусту жугузуп алуу көрсөткүчү жана бул илдеттин айынан күнүмдүк өлүмдөрдүн саны беш айдан берки эң жогорку чекке жеткени маалымдалды.

Калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган бул өлкөдө март айынын акыркы күндөрүнөн бери бир миллиондон ашык киши коронавирусту жаңыдан жугузуп алды. Индияда күнүнө 500дөн ашуун киши өлүмү катталууда, бирок өлүм-житимдин чыныгы саны мындан да жогору деп жоромолдонуп жатат.

Борбордук өкмөт экономикалык кыйынчылыктардан чочулап, экинчи жолу жалпы карантин киргизүүдөн баш тартууда, бирок айрым штаттардын жергиликтүү бийликтери өз аймактары үчүн чектөөлөр киргизип жатышат.

Махараштра штаты жана анын борбору Мумбай 10-апрелде карантин киргизди. Мында дем алыш күндөрү ресторандар жабылып, бештен ашуун кишинин чогулушуна тыюу салынды.

Махараштра штатынын 125 миллиондуу калайыгы апрелдин аягына чейин ар бир дем алыш күндөрү карантиндик чектөөлөргө кабылат. Бул аймакта кишилер тамак-аш, дары-дармек же өтө зарыл саякат үчүн гана көчөгө чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.


Саламаттыкты сактоо кызматкерлери өлкө боюнча коронавирустун чукул жайылышынын себептерин жаңы вирус түрлөрү, калайыктын чогуу жүрүшү жана беткап тагынуудан баш тартуулар сыяктуу жагдайлардан көрүүдө.

Ошол эле учурда, Индия бийликтеринин өлкөнүн 1,3 миллиарддуу калкын эмдөөгө болгон далаалаты вакцина таңкыстыгына барып такалды. Азырынча 94 миллион гана ийне сайылып, эмдөө заттары кампаларда дээрлик калбай калды.

Өлкөнүн “Times of India” гезитинин билдиришинче, индиялыктар кыл штаттардагы дары-дармек кампаларында калган-каткан вакциналар орто эсеп менен беш күндөн ашык убакыт ичинде түгөнүүгө тийиш.

Өкмөт болсо коронавируска каршы вакцинанын жетишсиздиги боюнча санааркоолорду "таптакыр негизсиз" деп эсептейт жана өлкө кампасында 40 миллиондон ашык доза бар экендигин эскертти.

Дүйнөдөгү эң ири вакцина өндүрүүчү өлкө болгон Индиянын дары-дармек чыгаруучу “Serum” институтунун аткарууучу директору ушул аптанын башында өндүрүш кубаттуулугу "өзгөчө опурталдуу" деңгээлге чыккандыгын эскертти.

Өлкөнүн дары-дармектерди көзөмөлдөө мекемеси эки вакцинага уруксат берген: бири – британдык Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы биргелешип өндүргөн дарынын негизиндеги “Ковишилд” (Covishield) вакцинасы болсо, экинчиси – Индиянын “Bharat Biotech” компаниясы өндүргөн “Коваксин” (Covaxin) вакцинасы.

Дагы бир нече вакцина талапкер дары зат катары текшерүүнүн ар кандай баскычтарында каралууда.

Ошол эле учурда Индияда өндүрүлгөн “Ковишилд” (Covishield) вакцинасы көптөгөн жакыр өлкөлөргө эл аралык кайрымдуулук долбоорлору аркылуу арзан баада чыгарылып, алардын коронавируска каршы күрөшүнө кыйла огожо болууда. (TT)

XS
SM
MD
LG