Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Коронавирус 208 адамга жукту, үч бейтап каза болду


Соңку бир суткада COVID-19 инфекциясын жугузуп алган үч киши каза тапты.

Анын экөө Бишкек шаарынан болсо, бирөө Чүй облусунан.

Коронавируска каршы штабдын маалымдашынча 10-апрелде республика боюнча вирусту жугузуп алган 208 киши катталды.

Алардын басымдуусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

  • Бишкек - 128
  • Ош шаары - 1
  • Чүй облусу – 66
  • Ош облусу - 2
  • Талас облусу - 0
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 0
  • Баткен облусу - 1


Ушуну менен COVID-19 U07.1 жана U07.2 вирусу катталган өткөн жылдын март айынан бери аны жугузуп алгандардын саны 90 019 кишиге жетти.

Штаб акыркы суткада 105 киши айыкканын маалымдады.

Учурда вирусту жугузуп алган 800дөн ашуун адам ооруканада дарыланууда. (ST)

XS
SM
MD
LG