Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Ошто 7 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган тургун кармалды    


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шек саналып, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта 9-апрелде кечки саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында 7 жаштагы Н.А белгисиз жаран тарабынан зордукталган. Секелек Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

Кылмыш ушул эле күнү Ош ОИИБнин Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, шектүү туугандарынын үйүндө жашынып жаткан.

"Кылмышка шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган. Кылмышка тийиштүү буюмдар далил катары алынган. Шектүү азыр убактылуу кармоочу жайга камалды", - деп билдирди Аширбаев.

Алдын ала маалыматта ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөндүктөн кыз таенесинин колунда калган.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жашы жете электерди зордуктоо үчүн айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Башкы прокуратуранын 2020-жылдагы маалыматы боюнча жашы жете элек балдарга карата 1101 кылмыш иши катталса, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок. (MrA)

XS
SM
MD
LG