Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Шайлоо жана референдум: бүгүн жымжырттык күнү


11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.
11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга үгүт иштери аяктады.

Мыйзамга ылайык, бүгүн – добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелдеги референдумга 3 606 201 адам катыша алат.

Эгер референдумга жалпы шайлоочулардын катышуусу 30 пайызга жетпесе, өткөн жок деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

XS
SM
MD
LG