Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Анкаранын аял лидерге мамилеси сынга кабылды


Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен (солдон оңго), Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 2021-жылдын 6-апрели.
Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен (солдон оңго), Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 2021-жылдын 6-апрели.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйенге Анкарада түрк президентинин катарынан орун берилбегендиги европалыктардын кескин сынына кабылды. Түркия протокол бузулбагандыгын билдирүүдө.

Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен Европа Кеңешинин башчысы Шарл Мишелдин Түркиядагы сапарынан бери бир нече күн өтсө да, анын айланасында талкуу токтобой жатат.

6-апрелде түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Евробиримдиктин эң жогорку эки жетекчисин президенттик сарайынын алдында адаттагыдай эле тосуп алган. Үчөө бир катарда туруп сүрөткө түшкөн.

Бирок сүйлөшүүлөр үчүн даярдалган чоң бөлмөгө киргенде үч лидерге эки эле орундук даярдалганы белгилүү болгон. Аларды Шарл Мишел менен Режеп Тайып Эрдоган ээлеп, Урсула фон дер Ляйен каякка отурарын билбей, ыңгайсыз абалда калган.

Видеолордон Урсула айым колун жаңсап, түшүнбөй калганын ишара кылганын, атүгүл "хмм..." деп тамагын кырганын көрүүгө болот.

Акыры Европа Комиссиясынын президентине эки эркек кесиптешинин катарынан эмес, адатта даражасы ылдыйыраак жетекчилер отурчу бир аз алысыраактагы дивандан орун сунушталган.

Урсула айым бул тууралуу ачык комментарий берген жок. Бирок жолугушуунун эртеси күнү анын басма сөз катчысы Эрик Мамер үн катып, түрк тараптын мамилеси Еврокомиссиянын президентин таң калтырганын айтты.

"Президенттин таң калганы бышык. Аны видеодон көрүп турасыңар. Бирок бир жагдайды тактап коёюн. Ал канчалык таң калса да, сүйлөшүүнүн мазмунун протоколдон өйдө коюуну туура көрдү. Европалыктар да андан ушундай кадамды күтмөк", - деди Мамер.

Евробиримдиктин жетекчилери менен Түркия тарабынын сүйлөшүүсү маалында. Анкара шаары. 2021-жылдын 6-апрели.
Евробиримдиктин жетекчилери менен Түркия тарабынын сүйлөшүүсү маалында. Анкара шаары. 2021-жылдын 6-апрели.

Анкарадагы бул окуяга Урсула фон дер Ляйен сабырдуу мамиле кылганы менен европалыктар Түркиянын кадамын кескин сындап чыгышты.
Алардын арасында Европа Комиссиянын президенти аял болгону үчүн, Түркиянын дарегине буга чейин сын айтып жүргөнү үчүн фон дер Ляйен ушундай мамилеге кабылганын билдиргендер да жок эмес.

Маселен, жакында Түркия аялдардын укугун коргогон Стамбул конвенциясынан чыгып кеткенде Урсула фон дер Ляйен расмий Анкаранын чечимин "туура эмес сигнал" деп мүнөздөгөн.

8-апрелде Италиянын премьер-министри Марио Драги түрк тарап Еврокомиссиянын президентин басынтып койгонун айтып, түрк президенти Эрдоганды "диктаторго" теңеди.

"Келгиле, аларды өз атынан эле диктаторлор деп атайлы", - деди Драги.

Түркиянын башкы дипломаты Мевлүт Чавушогу Италиянын премьерине "Твиттер" аркылуу жооп берип, анын айткандарын "популисттик, негизсиз билдирүү" деп атады. "Анадолу" жаңылыктар агенттиги жазгандай, Түркиянын тышкы иштер министрлиги Италиянын Анкарадагы элчисин чакыртып, андан түшүндүрмө талап кылды.

Түркия тарап Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен "аял болгону үчүн эле ушундай мамилеге кабылды" деген сөздөрдү четке какты. 8-апрелде тышкы иштер министри Чавушоглу түрк тарап "толугу менен адилетсиз" айыптоого туш болуп жатканын, Евробиримдиктин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдө протокол сакталганын айтты.

"Аларды отургузуу тартиби Европа Биримдигинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Болду, чекит. Түркияга байланыштуу айыптоолор болбосо, буларды айтпайт элек. Бирок карап отурсак, жогорку жетекчилердин деңгээлинде деле муну Түркия атайын кылгандай пикирлер айтылып жатат. Евробиримдиктин ички темаларын талкуулагыбыз келбейт. Бирок биздин протоколду тактоочу иш топторубуз алдын ала жолуккан жана алардын талаптары канааттандырылган", - деди Чавушоглу.

Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен айым менен Европа Кеңешинин башчысы Шарл Мишел мырза. Брүссел. 2021-жылдын 25-февралы.
Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен айым менен Европа Кеңешинин башчысы Шарл Мишел мырза. Брүссел. 2021-жылдын 25-февралы.

Протокол демекчи, Урсула фон дер Ляйен Еврокомиссиянын президенти катары уюмдун аткаруу бийлигин көзөмөлдөйт. Ал эми Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел уюмга мүчө 27 мамлекеттин жетекчилеринин атынан иш алып барат.

Андыктан дипломатиялык протоколдо Мишелдин кызматтык орду фон дер Ляйендикинен жогорураак турат. Кайсы бир өлкөнүн жетекчиси менен жолукканда, адатта, Европа Кеңешинин башчысы биринчи болуп саламдашат.

Ошентсе да, Еврокомиссиянын мурдагы президенти Жан-Клод Юнкердин айтымында, айрым учурларды эске албаганда, көп өлкөлөрдө эки лидерге тең бирдей эле мамиле жасалып келет.

Ал арада Урсула фон дер Ляйен туш болгон окуяга байланыштуу Шарл Мишелге да сын айтылып жатат.

Социалдык тармактарда Мишел мырза "фон дер Ляйенге орун берилбегенине көңүл бурбай койду" деген пикирлер айтылууда. Бирок ал өзү күн тартибиндеги маселелерге артыкчылык бергенин айтып, "окуяга көңүл бөлүү - Түркия менен мамилеге таасирин тийгизмек", - деп билдирди.

Түркия менен Евробиримдиктин ортосунда бир топ жылдан бери миграция, отун-суу сыяктуу бир топ маселелерге байланыштуу чыңалуу сакталып келе жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG