Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

COVID-19: Орозо айы жакындаганда Пакистан, Иран жана Түркияда коронавируска чалдыккандар кескин өстү


Ирандык айымдар көчөдө беткапчан кезүүдө. Тегеран. 2021-жылдын 5-апрели.
Ирандык айымдар көчөдө беткапчан кезүүдө. Тегеран. 2021-жылдын 5-апрели.

13-апрелде башталуучу ыйык Рамазан айынын босогосунда бир катар мусулман мамлекеттеринде коронавирус илдети тездик менен жайылгандыгы санааркоо жаратууда.

Пакистан бийликтери жугуштуу илдеттин жайылышын токтотуу үчүн 10-апрелден баштап шаарлар аралык унаа каттамдарын чектеп жаткандыгын билдирди.

10-апрелде Иран 257 шаарда 10 күндүк чектөөлөрдү киргизгендигин жарыялады. Бул шаарларда бардык парктар, ресторандар, сулуулук салондору, соода борборлору жана китеп дүкөндөрү жабылды.


Түркия акыркы 10 күндүн ичинде “COVID-19” илдети жуккан рекорддук көрсөткүчкө кабылды. Жугуштуу оорунун кескин жайылышы Түркияны жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур кылды. Өлкөдө, мисалы, дем алыш күндөрү карантин киргизилет жана рамазан айында кафе-ресторандар жабык болот.

Индонезиянын борбору Жакартада орозо айында коронавируска каршы этият болуу шарттарын сактоо менен кечки ооз ачуу учурунда иштеген ресторандар саат 21:00де жабылууга тийиш.

6-апрелде Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирчи мырза “COVID-19” илдетине каршы ирандык илимпоздор тарабынан иштелип жаткан тогуз вакцина долбоорунун ичинен бир долбоору жакынкы 40 күндүн ичинде калайыкты эмдөө үчүн даяр болот, деп алдын ала шардана кылды.


"Үчүнчү дүйнө" делген мамлекеттердеги башка айрым мусулман эмес өлкөлөрдө да кырдаал курч бойдон кала берүүдө.

Бразилияда коронавирустун жайылышы рекорддук деңгээлге жеткендигине жана вирустун айынан ар күнү өлгөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына карабастан, өлкөнүн айрым аймактарында акимдер акыркы күндөрү карантиндик чектөөлөрдү азайта башташты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директорунун улук кеңешчиси Брюс Эйлворд Түштүк Америкадагы бул эң ири өлкөнүн кырдаалы жөнүндө мындай деди: “Бул жерде сиз эпидемиянын күчөп кетишинен улам пайда болгон тозок оту менен алышып жатасыз”.

Коронавирустун Бразилияда үстөмдүк кылган P1 варианты жаштарга да, карыларга да кесепетин тийгизип жатат. Бейтаптарга жык толгон ооруканаларда дары-дармек таңкыс болууда.

Бул алааматтуу ооруга каршы вакциналар менен эмдөө жүрүмү өзгөчө жайбаракат жүрүп жатат. Бразилиянын 210 миллиондуу калкынын үч пайызына жетпеген бөлүгү гана толук эмдөөдөн өткөн.

Катаал кырдаалга карабастан, Бразилиянын калк жыш жайгашкан Сан-Паулу штаты келээрки аптада 44 миллиондуу калкы үчүн айрым чектөөлөрдү жумшартаарын жарыялаган.


Ошол эле учурда, өлкөдө экинчи ири шаар болгон Рио-де-Жанейродо март айынын аягынан бери киргизилген бир катар чектөөлөр 9-апрелде алып салынды.

Бразилияда коронавирустан набыт болгондордун саны 340,000ден ашып кетти. Бул көрсөткүч – дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат. АКШда 560,000 киши алааматтуу илдеттен набыт кеткени маалым. (TT)

XS
SM
MD
LG