Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

COVID-19 вирусун жуктуруп алган 27 бейтаптын абалы өтө оор


Бишкектеги коомдук транспорттогу эскертме. 3-апрель, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги коомдук транспорттогу эскертме. 3-апрель, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19га каршы күрөш боюнча штаб 10-апрелге карата коронавируска чалдыккан 833 адам ооруканада экенин кабарлады. Бейтаптардын ичинен 27 адамдын абалы өтө оор, 193 адам оор абалда жатат.

587 адамдын абалы орто оордукта, 26 бейтап канааттандырарлык абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 880 бейтап бар.

10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган 208 киши катталды. Соңку суткада оорудан үч киши каза тапты.

Пандемия башталган былтыркы марттан бери Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 90 019 кишиге жетти. 85 824 адам сакайды. Илдеттен жалпы 1519 адам кайтыш болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG