Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Аксынын кайык менен каттаган айылы добуш берди


Кайык менен гана барууга мүмкүн болгон айылга көчмө үкөк алып бараткан топ. Аксы району, Жалал-Абад облусу. 10-апрель, 2021-жыл.
Кайык менен гана барууга мүмкүн болгон айылга көчмө үкөк алып бараткан топ. Аксы району, Жалал-Абад облусу. 10-апрель, 2021-жыл.

Аксы районунун Кызыл-Бейит айылындагы шайлоочулар көчмө үкөк аркылуу 10-апрелде добуш беришти. Нарын дарыясынан кайык менен өтүп каттаган, электр энергиясы жок Кызыл-Бейит айылынан добушканадан тыш шайлоого 62 адам арыз берген.

Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин Кызыл-Бейит Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.

Учурда бул айылда 70тен ашуун түтүн бар, анда болжол менен 400гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш жакшы тартпайт.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум болот.

Добушканадан тышкары жерде добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8:00ден 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Боршайкомдун маалыматы боюнча 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү үчүн 19298 шайлоочудан арыз түшкөн.(ZKo/TB)

XS
SM
MD
LG