Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Футболчулар аялдарга зомбулукту токтотууга чакырган акция өткөрөт


Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясынан улам уюштурулган нааразылык акциясы. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясынан улам уюштурулган нааразылык акциясы. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандык футболчулар коомчулукту аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырган акция өткөрүшөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын адис футболчулар ассоциациясынын президенти Рустам Жаныбаев билдирди.

Анын айтуусунда, кыргыз премьер-лигасынын оюнунда футболчулар беттешке бетине кызыл боёк сыйпап чыгышат. “Нефтчи” жана “Кара-Балта” командаларынын оюну бүгүн, 10-апрелде Кант шаарында өтөт.

“Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясынан кийин Бишкекте өткөн акцияга биз да катыштык. Акцияга катышкандардын арасында футболчулар да бар эле. Аялдарга карата зомбулукту токтотууга коомчулуктун көңүлүн кантип бурдурабыз деп чогуу ойлонуп, ушундай акцияны өткөрүүнү чечтик. Буга чейин 2018-жылы Италиянын футбол лигасынын футболчулары ушундай акция уюштурган. Беттеги кызыл сызык аялдарга зомбулукту токтотууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт”, - деди Рустам Жаныбаев.

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шектелген 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди. Айзада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдан кийинки экинчи кыз болуп калды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган 10 кызматкер иштен алынып, дагы 34 кызматкер түрдүү кызматтык жаза алышканы кабарланды.(GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG