Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Экс-президент Роза Отунбаева COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева 10-апрелде Бишкектеги №7 эмканада коронавируска каршы эмделди.

Ага Кытайдан алып келинген "Sinopharm" вакцинасы сайылды. Отунбаева эмделгенден кийин жалпы элди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырганын "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фондунан билдиришти.

Ага ылайык, экс-президент вакцина, анын мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын билдирген.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иштери 29-мартта башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын "Sinopharm" компаниясынын вакцинасы колдонулууда.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес.(ZKo)

​
XS
SM
MD
LG