Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

БШК: Референдумга катышкандардын 79,31% "макул" деп жооп берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана конституциялык референдумдун алгачкы жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатат.

Жергиликтүү убакыт боюнча 21.30га карай айтылган маалыматта шайлоо күнү 1 294 776 жаран добуш берди. Бул шайлоочулардын 35,30% түзөт. Бюллетендердин 1 204 946 жарактуу (93%), жараксызы 89 830 (6,94%) болду. Жалпы шайлоочулардын тизмесинде 3 606 225 жаран катталган.

Жалпысынан Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Конституцияны өзгөртүүнү 1 26 917 шайлоочу (79,31%) колдоду. Каршы добуш бергендер 176 701 жаран же 13,65% түздү.

БШКга шайлоо тилкелеринин 92% маалымат келип түштү. Добуштарды эсептөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG