Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

"Реформа": Шайлоодо мурдагыдай эле акча менен бийлик утту


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун буга чейинки шайлоолордон айырмасы болгон жок деп эсептейт өнөктүккө "Реформа" партиясы менен биригип катышкан "Адилеттүү Кыргызстан” партиясынын теңтөрагасы Элдар Абакиров.

"Бул жолу да бийликтин партиялары менен акча утту", - деп билдирди саясатчы.

Шайлоодо добуштарды сатып алуу аракети, административдик ресурс тартылганын, акча таратуу жана башка мыйзам бузуулар болгонун добуш берүүгө көз салып турган байкоочулар да билдиришкен.

ИИМ шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар катталбаганын билдирүүдө. Министр Улан Ниязбековдун добуш берүү аяктагандан кийинки брифингде маалымдаганы боюнча, жалпысынан милицияга 70 маалымат түшкөн. Анын ичинде 30 факты тастыкалган эмес. Министр байкоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү, активисттер тарабынан белгиленген мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтардын баары иликтене турганын айтты.

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана конституциялык референдум болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү өлкөнүн бардык аймактарында, 2 435 шайлоо участогунда жүрдү. Ошондой эле өлкөдөн тышкары чет мамлекеттерде 48 шайлоо участогунда да референдум өттү.

Кечки саат сегизге карата айрым чет өлкөлөрдөгү участокторду эске албаганда, бардык добушканаларда шайлоо аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 21:30га карата 98% шайлоо участогунан электрондук маалымат келип түшкөнүн билдирүүдө.(ZKo/AiA)

XS
SM
MD
LG