Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Бийлик: Шайлоочулардын 30% көбү добуш берди

Бишкектеги шайлоо участогу. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги шайлоо участогу. 11-апрель, 2021-жыл.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда административдик басым болбогонун вице-премьер-министр Улукбек Карымшаков брифингде билдирди:

“Алдын ала маалыматтар боюнча бүгүнкү добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 30% көбүн түздү. Бул - референдум өттү дегенди билдирет. Шайлоочулар жүрөгүндөгү ойлорун ишке ашырышты. Бийлик тарабынан эч кандай административдик ресурс колдонуу фактылары болгон жок деп терең ишенем”.

Карымшаков шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болбогонун белгилеп, жер-жерлерден келип түшкөн дооматтар иликтене турганын кошумчалады.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү өлкөнүн бардык аймактарында, 2 435 шайлоо участогунда жүрдү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участогунда да референдумга добуш берүү болду.

Саат 20.00гө карата айрым чет өлкөлөрдөгү участокторду эске албаганда, бардык добушканаларда шайлоо аяктады.(ZKo)

​
XS
SM
MD
LG