Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:14

COVID-19: Эмделгендердин абалы канааттандырарлык


Коронавирус инфекциясына каршы эмделип жаткан жаран. Бишкек. Март, 2021-жыл.
Коронавирус инфекциясына каршы эмделип жаткан жаран. Бишкек. Март, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 11-апрелге карата 2 148 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Маалыматта: "Коронавируска каршы эмделген адамдардын 9,46% башы ооруган; 3,28% дене табы көтөрүлгөн; 6,82% вакцина сайылган жери ооруган, 6,92% эмдөөдөн кийин өздөрүн алсыз сезишкен. Эмделгендердин 2,91% чыйрыкканын, 2,18% башы бир аз айланганын, 0,47% кан басымы көтөрүлгөнүн, ал эми 0,36% коркуу сезими болгонун билдиришкен", деп жазылган.

11-апрелге карата Бишкек шаарында 350, Ош шаарында 349, Чүй облусунда 239, Ош облусунда 724, Ысык-Көл облусунда 119, Нарында 310, Жалал-Абад облусунда 40, Баткенде 17 адам эмдөөдөн өттү.

Министрликтин маалыматына караганда, эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. Ага Кытайдын "Sinopharm" компаниясынын вакцинасы колдонулууда.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери кабарланган.

Эмдөө боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG