Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 04:12

Жалал-Абадда шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча төрт маалымат түштү


Бишкектеги шайлооканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Жалал-Абад облусунда 11-апрелде өтүп жаткан шайлоодо үгүт иштери жана добуш сатып алуу боюнча милицияга төрт маалымат түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын башчысы Нурдинбек Жээнтаев маалымдады.

"Саат 18:00го карата Жалал-Абад облусунун аймагында шайлоону өткөрүү, үгүт иштерине байланыштуу - 3, добуш сатып алуу боюнча – 1 маалымат келип түшкөн. Бардык учур боюнча текшерүү жүрүп, натыйжада маалыматтар такталган жок", - деди Жээнтаев.

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад облусунда 247 айылдык, 7 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Облус боюнча жергиликтүү кеңештердеги 1352 депутаттык мандатка 3609 талапкер ат салышууда. Аймакта жалпы 452 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Жалал-Абад облусунда 672 миң адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту миңге чукул милиция кызматкери камсыздап жатат.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтүп жатат.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG