Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Футболчулар зомбулукка каршы мелдеш уюштурду


"Нефтчи" командасынын футболчусу оюн талаасында. 10-апрель, 2021-жыл.
"Нефтчи" командасынын футболчусу оюн талаасында. 10-апрель, 2021-жыл.

"Нефтчи" жана "Кара-Балта" командалары бир оюнун аялдарга зомбулукту токтотууга арнашты. Кыргызстандын чемпионатынын 5-турунда - 10-апрелдеги беттеште команда мүчөлөрү оюн талаасына беттерине кызыл сызык тартып чыгышты.

Кыргызстандын адис футболчулар ассоциациясынын президенти Рустам Жаныбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, беттеги кызыл сызык аялдарга зомбулукту токтотууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт. 2018-жылы Италиянын футбол лигасынын футболчулары ушундай акция уюштурган.

Кыргыз премьер-лигасынын 5-туру 10-апрелде Кант шаарында өттү.

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди. Айзада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдан кийинки экинчи кыз болуп калды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган 10 кызматкер иштен алынып, дагы 34 кызматкер түрдүү кызматтык жаза алышканы кабарланды.(GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG