Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Германиялык депутаттар Навальныйдын абактагы абалына тынчсызданды


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Германиянын парламенти - Бундестагдын мүчөлөрү орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный «тикелей кыйноого алынып жатат» деп эсептейт. Немис депутаттары Европадагы Кыйноонун алдын-алуу комитетине саясатчынын абактагы кармоо шартын карап чыгууну талап кылышты. 10-апрелде жарыяланган катта Навальныйдын абактагы шартын катаал катары мүнөздөп, Европа Кеңешин абалды иликтөөгө чакырышты.

Кайрылууга Германиянын парламентинин 11 мүчөсү кол койгон. Алардын арасында «Жашылдар партиясы», Христиан-демократтар, Социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү бар.

Орусиянын Владимир облусундагы түрмөдө кармалып турган Алексей Навальный саламаттыгы начарлаганын үч жумадан бери билдирип келет. Абакта медициналык жардам көрсөтүлбөй, чет жактан дарыгер чакырууга да уруксат берилбей жатканын айткан Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялаган. Азыркы абалына карабастан ал ачкачылыкты токтоткон жок. Анын адвокаттары колонияга которулгандан бери cаясатчы 13 килограммга арыктап кеткенин билдирип жатышат.

Абак жетекчилиги Навальныйдын абалын «канааттандырарлык» деп айтканы менен анализдердин жыйынтыгын жарыялабай келет.

44 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, ал түшкөн жүргүнчү учак Омск шаарына чукул кондурулган. Ал комада калган. Эс-учу жок жаткан саясатчыны Омск шаарынан түз эле Берлинге учак менен жеткиришкен. Ал Германиядагы ооруканалардын биринде дарыланган жана ал Томск шаарында «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан.

Узакка дарылангандан кийин Москвага кайтканда, Навальный камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG