Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Быйылкы зекеттин баасы бекитилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана муфтият өлкө боюнча 2021-жылга карата зекеттин баасын бекитти. Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, быйылкы эсеп боюнча колунда 87,48 грамм алтыны бар мусулман 5861 сом, ал эми 612,36 грамм күмүшү бар мусулман 995 сом зекет берүүгө тийиш.

Маалыматта айтылгандай, ар бир мусулман пендеси колундагы байлыгынын кырктан бирин же 2,5% зекет катары берүүсү парз. Зекет нак акчадан, товардан, алтын, күмүштөн жана мал жандыктан берилет.

"Эгер ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы ушундай зекет берилет. Ал эми кой-эчкиси кыркка жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой же бир эчки зекет катары берилет. Мусулмандын 5 төөсү болуп, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. Жылкынын зекети күнүмдүк жашоодо колдонулбаган, алты айдан ашык убакыт жайытта багылган жылкылардан алынат. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрөт", деп билдирди муфтият.

Маалыматка ылайык, зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерден (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт.

Жыл сайын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Орозо айында берилүүчү битир-садаганын өлчөмүн бекитет. Адатта битир-садаганын баасы ар аймактагы азыктардын баасына карап өлчөнүп келет.

Кыргызстандык мусулмандар жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдун тегерегинде битир-садага жыйнашары, аны муфият муктаждарга жана диний керектөөлөргө жумшай турганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG