Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Коронавирустан үч адам каза болду, 208 кишиде аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 11-апрелде берген маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч киши каза болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1522 кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада 208​ ​кишиден аныкталды. Оору жугузуп алгандардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 90 227 адамга жетти.

838 бейтап ооруканада, 978 адам үйдө дарыланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG